24 жылга эркинен ажыратылган мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жакында Астанадагы СИЗОдон жазасын өтөп жаткан жерге которулган. Ал өндүрүштө жумушка орношсо колонияда канча айлык ала алары айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Убактылуу эмгек акы төлөөдө соттолгондордун эмгек акысы белгиленген тарифтик ставкага же иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн эмгек акысына ылайык эсептелет. Кесиптик эмгек акы менен аткарылган жумуштун же өндүрүлгөн продукциянын ар бир бирдиги үчүн акча төлөнөт.
"Жаза аткаруу системасынын ишканаларында же чарба жүргүзүүчү субъекттерде иштеген бир соттолгондун айлык акысы орто эсеп менен 25 миңден 200 миң теңгеге чейин жетет", - деп билдирген түзөтүү системасы.
Ал эми комитеттин маалыматы боюнча, Казакстандын колонияларында аткаруу баракчасы бар соттолгондорду ишке орноштуруу боюнча иш-чаралар биринчи кезектеги тартипте көрүлүүдө.
Буга чейин Бишимбаев түзөтүү абагына келгенден кийин кандай жумушка орношо алары айтылган.
Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, сот мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.