Израиль кайра Иранга чабуул коюуну карап жатканы айтылды

Израиль бийлиги Ирандын чабуулун токтотуу үчүн алдын ала сокку уруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка караганда, мындай маселе кечээ, 4-августта кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен армия жетекчилигинин жолугушуусунда талкууланган.

Бирок Тель-Авив мындай кадамга Тегеран тараптын кол салууга даярданып жатканы тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынса гана барарын белгилеген.

Буга чейин бүгүн, 5-августта Иран еврей мамлекетине кол салышы мүмкүн деген маалымат чыккан. Айрым чет элдик басылмалар Тегерандын чабуулу 12-13-август күндөрү болорун жазышууда.

Белгилей кетсек, 31-июлда ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Хания жана анын жансакчыларынын бири Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон каза болушкан. Мындан улам Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшүнө жооп иретинде Израилге түз кол салууга буйрук бергени маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан