Түркия менен Instagram’дын 6 саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок 

Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу кечээ, 5-августта Instagram платформасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Анын айтымында, алты саатка созулган сүйлөшүүлөр социалдык тармакка кирүүдөгү чектөөлөрдү алып салуу боюнча күтүлгөн жыйынтыктарды берген эмес.

"Биз так каалаган натыйжага жетише алган жокпуз, биз мониторинг жүргүзүп, активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө эч кандай жылыш болбойт деп ойлойбуз",- деди ал.

Эскерте кетсек, 2-августта Түркияда Instagram социалдык тармагына кирүү чектелген. Бөгөттөө Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын (BTK) буйругу менен күчүнө кирди.

Кырдаалды жакшы билген булактар ​​ошол күнү TRT World телеканалына билдиришкендей, ХАМАСтын саясий бюросунун маркум жетекчиси Исмаил Ханияга байланыштуу мазмун өчүрүлгөндүктөн Instagram'га кирүү убактылуу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан