Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн 2-3 транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкесинин 90 пайыздан ашыгын макулдашууга жетишти.
"Транзиттик аймактардан өтүүдө биздин жана алардын жарандарынын коопсуздугуна зыян тийбегендей болуш керек деп эки тарап сүйлөшүп жатат. Алардын да, биздин да сунуштар бар. Ал сунуштар азыр каралып жатат. Президент Садыр Нургожоевич жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берген. Биз аны аткарганга аракет кылып жатабыз. Бирок чек ара бир күндө эле чечилбейт. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарапты канааттандыра турган чечимге келсек, кол койгонго мүмкүнчүлүк ачылат. Эки-үч айдын ичинде жыйынтыкка келебиз деген жакшы ойлорубуз бар”, - деди министр Кулубаев.
Белгилей кетсек, Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода кыргыз-тажик чек арасынын 94 пайыз тилкеси такталганын, чек аранын талаштуу тилкелери боюнча маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымат жыйында айткан.