Аялын өлтүргөн деп соттолгон Куандык Бишимбаев жазасын жеңилдетүү үчүн күрөшүн улантууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Жогорку соттун маалыматында Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжановдун иши кечээ, 5-августта Жогорку сотко өткөндүгү жазылган.
Эске салсак, Салтанат Нукенованын жансыз денеси 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Аны сабап өлтүрүүгө шектелип күйөөсү, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (Кыйноо), 99-беренеси (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (Өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылган.
Ага байланыштуу, 13-майда Куандык Бишимбаев келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы аткаминер жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.