Бангладеште мурдагы премьер Хасинанын атасынын эстелиги кулатылды (видео)

Бангладеште демонстранттар өлкөнүн биринчи президенти болгон Мужибур Рахмандын эстелигин талкалап, кулатып салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Daily Observer басылмасынын маалыматына караганда, митингчилер өлкөдөн качып кеткен мурдагы премьер-министр Шейх Хасинанын атасы, өлкөнүн биринчи президенти болгон Мужибур Рахмандын борбор калаа Даккада жайгашкан айкелин колундагы буюмдар менен талкалаганга аракет кылышкан.

Benar news'тун маалыматына ылайык, тополоңчулар Рахманга арналган музейди дагы өрттөшкөн.

Белгилей кетсек, Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал Индияда экени, Англиядан башпаанек сурап кайрылганы айтылууда. Июль айында тутанган нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам каза болгон.

06.08.24
06.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан