Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Азырынча анын кайда экени белгисиз.
Июль айында студенттер Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылып акцияга чыгышкан. Ага 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.
Өкмөт башаламандыктарды басуу үчүн коменданттык саат киргизип, катаал чараларды көргөн.
3-августта өкмөт башчы каршылык акциялардын лидерлерин өзүнүн резиденциясына жолугушууга чакырган. Ал эми 4-августта полиция менен Шейх Хасинанын кызматтан кетишин талап кылган демонстранттардын кагылышуусунан кеминде 90 адам набыт болгондугу айтылды.
Июль айындагы кагылышууда кеминде 187 киши каза болгонун жергиликтүү басылмалар жазышкан.