20-жылдык жол – “Банктар аралык процессинг борбору” кандайча Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана суверинитеттин символуна айланган?
“Элкарт” улуттук төлөм системасына 20-жыл. Аны утурлай 26-июлда “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК өкүлдөрү журналисттер менен жолугушуу уюштурду. Анда акыркы жыйырма жыл аралыгындагы прогресивдүү жогорулоо багытындагы чоң мүмкүнчүлүктөр айтылып, калкты тейлөөдөгү накталай эмес төлөмдөр жана анын коопсуздугу тууралуу кеп болду.
“Элкарт” - улутттук төлөм системасы. Ал коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып дүйнөнү багындырууга бара жаткан Кыргызстандын улуттук картасы. Өлкөдөгү 20дан ашуун банктар менен тыгыз кызматташып, накталай эмес төлөмдөрдө жаңы багыттарды камтып келе жатат. Негизги багыттар жана багындыруучу жолдор тууралуу борбордун төрайымы Каныкей Жамангулова буларга токтолду:
"Кыргызстанда Банктар аралык процессинг борбору 2004-жылдын 4-августунда Улуттук Төлөм Системасын (“Элкарт”) түзүп, ишин баштаган. Жыйырма жыл бою өзүнүн эгемендүүлүгүн жана колдонуучулардын жеке маалыматтарынын толук коопсуздугун сактап келет. Өз ишинин жүрүшүндө команда өлкөдө калктын накталай эмес төлөмдөрүнүн инфраструктурасын эле курбастан, рынокко ыңгайлуу санариптик кызматтардын бүтүндөй экосистемасын сунуштай алды. Учурда кыргызстандыктардын көпчүлүгү соода саттыкта, банктар аралык кызматтарда, которууларда кызмат кылган төлөм катары жылуу кабыл алып, ыңгайлуу төлөмдөрдү ишке ашырган жөнөкөй системаны колдонушууда"
Банктар аралык процессинг борбордун ишиндеги негизги жетишкендиктери?
- “Элкарт” улуттук төлөм системасынын оператору, андан тышкары эл аралык төлөм карталарын тейлейт, ошондой эле бирдиктүү QR-код стандарты бар өз ара байланыштагы оператор. Заманбап санариптик кызматтарды көрсөткөн банк.
Акыркы жыйырма жыл аралындагы жетишкендиктер:[ОБ1]
2004-жылы - “Банктар аралык процессинг борбору” жабык акционердик коомунун түзүлүшү;
2006-жылы - Биринчи "Элкарт" төлөмүнүн картасы ишке кирип, алгачкы банкоматтар коюлган;
2009-жылы - Биринчи POS-терминал коюлган;
2011-жылы – Пенсиондук «Элкарт» ачылган;
2012-жылы - Социалдык «Элкарт»;
2013-жылы - Мультивалюталык “Элкарт” ишке кирген;
2017–жылдары «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан;
2018-жылы – “Элкарт” аркылуу P2P которуулар жүргүзүлө баштаган. Карталарын толуктоого мүмкүнчүлүктөр ачылып (Cash2Card), Ош шаарында персоналдык борбор ишке берилген. Интернет-эквайринг ишке ашкан.
2019-жылы - "Мерчант-платформасы", "Элкарт" виртуалдык карталары, "Элкарт Бизнес" жана "Элкарт Кредит" карталары чыгарылган.
2020-жылы - Контактсыз «Элкарт» (NFC модулу менен) ишке кирген. Ал контактсыз төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми чакан жана орто бизнес үчүн мобилдик тиркеме, төлөм шилтемесин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга арналган «Элкарт Трейд» тиркемеси да колдонула баштаган;
2021-жылы - “Элкарт” Кыргызстандын аймагынан сыртта колдонууга мүмкүнчүлүк ачкан;
2022-жылы - ELQR (QR-код менен төлөө), “Элкарт Pay”, “Элкарт 3D-Secure” иштелип чыккан, учурда колдонуучулары арбын. Бул накталай эмес төлөмдөрдү жөнөкөйлөштүргөн багыттар болуп саналат;
2023-жылы - Билдирүү кызматы ачылып, BC Card KG туундусун ишке ашыруу багытында Кореянын белигилүу компаниялары менен келишимдер түзүлгөн. Контактсыз банкоматтар ачылган. Ошондой эле жаңы багытты көздөө максатында, ребрендинг жүргүзүлгөн;
2024-жылы - өзгөртүү менен төлөө инструменттери киргизилди.
Киберкоопсуздук кандай каралган?
- «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК маалыматтык коопсуздук үчүн иштелип чыккан эл аралык стандарттары боюнча жыл сайын PCI DSS (Payment Card Industry Data Security Standard), PCI PIN Security, PCI 3DS тарабынан сертификацияланган Кыргызстандагы саналуу уюмдардын бири. Бул кеңеш Visa, MasterCard, American Express, JCB жана Discover эл аралык төлөм системалары тарабынан түзүлгөн. Андыктан каражаттарды карталардан алдырып коюу, алданып калуу бир гана кардарлардын финансылык сабаттуулугуна көз каранды.
Шакек же билериктер менен төлөм жүргүзүп элди суктандырыңыз. Кантип?
- “Элкарт” быйыл өзгөчө кадам таштады. Элде жок инновациялык багыт. 2024-жылы ишке ашкан багыттардын бири шакектер, билериктер жана стикерлер. Буларды колдонуу аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү оңой жана заманбап болуп калды. Мындан ары “Элкарттын” колдонуучулары картасын издеп же капчыгындагы тыйынын санап отурбайт. Ал болгону шакек, билерик, стикерди терминалга тийгизүү менен төлөп кое алат. Аларды каалаган банктар аркылуу буйрутма берсеңиз болот. Транзакция болушу үчүн аксессуарды POS-терминалга тийгизүү гана керек. Эгерде жоготуп алган болсо автоматтык түрдө блоктоп коюуга болот.
Ошентип, улуттук төлөм система жыйырма жылдан бери өзүнүн ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды жана жаңы санариптик продуктыларды ишке киргизип, ар дайым калктын, бизнестин жана мамлекеттин өзгөрүп туруучу муктаждыктарын эске алган так стратегиянын негизинде өз кызматтарынын функционалдуулугун кеңейтип келет. Компания үчүнчү он жылдыкты амбициялуу пландар менен тосуп алды. Аларды ишке ашышы кардарлар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды жана жагымдуу таасирлерди жаратат.