Үзүр Жусупбеков дагы Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмакта чейрек финалга чыкты.

Олимпиадага 97 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскайтис аттуу балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Беттеш учурунда Үзүр Жусупбеков атаандашы менен сүзүшүп, кашын жарып алды.

Муну менен кыргыз балбаны Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты. Ал жактан ирандык балбан менен күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан