Өзбекстандын Ташкент облусунда инспектор жубайынын, баласынын жана өзүнүн жанын кыйды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, окуя 6-августка караган түнү Бостанлык районунда болгон. Кызматтык тапанчасы менен өзүнүн аялын жана 7 айлык баласын аткан инспектор өзүнө дагы ок чыгарган.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул факты боюнча "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.