Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын Экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта ТИМден билдиришти.
Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери, анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын, башкача айтканда, кой этин жана төө буурчакты экспорттоо перспективалары талкууланды.
"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Каспий деңизи–Азербайжан" каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери, "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушунан улам жүктөрдүн келечектеги көлөмү сүйлөшүлдү. Ошондой эле тараптар бул багыт боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу тең пикирге келишти.