Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чек аралары суу ташкынынан улам бүдөмүк болуп, кайра сызыла баштайт. Бул тууралуу "Талибан" өкмөтүнүн энергетика жана суу ресурстары министри Абдул Латиф Мансур билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
"Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен болгон чек араларыбызды сел алып кеткен. Биз мурунку чек араларды аныктоо боюнча маанилүү иштерди аткарып жатабыз жана 20 күн мурун бул маселени Жогорку лидерибиз менен талкуулаганбыз", - деген Мансур.
Мансурдун айтымында, Хайбатулла Ахунзаданын көрсөтмөсү менен түзүлгөн бул план Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги жана Чалгындоо башкы башкармалыгы баш болгон бир нече министрликтин катышуусу менен ишке ашат. Бирок министр стратегиянын чоо-жайын ачыктаган жок.
"Биздин эч бир иш-аракетибиз коңшуларыбызга зыян келтирүүгө багытталган эмес. Биз өзүбүздүн үлүшүбүздөн ашык сууну кошуналарыбызга зыян келтирип колдонгон жокпуз жана колдонуу ниетибиз да жок”, - деди Ооганстандын энергетика министрлигинин улук кеңешчиси Фарук Азам.
Ооганстанда бийликке келгенден кийин талибдер Аму-Дарыядан башталып, түндүктөгү үч провинциянын – Фаряб, Балх жана Жаузжандын жерлерин суу менен камсыз кыла турган Кош-Тепа сугат каналынын курулушун башташты. Бул пландар Аму-Дарыясындагы суунун олуттуу бөлүгүнө ээлик кылган Өзбекстан менен Түркмөнстанда тынчсызданууну жаратууда. Бирок ооган бийлиги чек ара дарыясынын агымынан мурда пайдаланбаган үлүшүн алуу укугун талап кылууда.
Белгилей кетсек, Ооганстан чыгыш жана түштүктө Пакистан, батышта Иран, түндүктө Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан, өлкөнүн эң чыгыш тарабында Кытай менен чектешет.
Маалымат үчүн: "Талибан" Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.