Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык маселелер боюнча орун басары, кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Ким Хи Санг менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода, инвестициялар жана башка артыкчылыктуу багыттардагы кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулашты.
Анда 12-августта Бишкек шаарында өткөрүү пландалып жаткан кыргыз-корей өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын 6-жыйынына өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи ӨАК активдүү өнүгүп жатканын жана бардык актуалдуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көмөктөшкөн натыйжалуу механизм болуп саналарын, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореянын мамилелерин чыңдоого маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Ким Хи Санг эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.