Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-август күнү кечинде мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Аны Астананын эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйыны 8-августта эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгы алдында өтөт.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 8-10-августта Астана шаарына барары белгилүү болгон.

Анда Жапаров Казакстанга Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн барары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан