Бишкекте тигүү цехинде чет элдик жарандарга күч колдонуп жүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте тигүү цехтеринин биринин ээси менен эки киши чет өлкөлүк жарандарды күч менен кармап турган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 1-августта билдирүү түшүп, Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринде чет элдик жарандар эркине каршы кармалып жатканы кабарланган. Аларга физикалык зомбулук көрсөтүлгөнү айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1967-жылы туулган Г.Р. аттуу аял, 2000-жылы туулган Х.М. жана 2002-жылы туулган А.Э. аттуу чет элдик жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан