Аскер прокурору болуп жаңы дайындалган Жыргал Исмаилов 1982-жылы 14-майда Ысык-Көлдүн Каракол (мурдагы Прежевальск) шаарында жарык дүйнөгө келген.
2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин Юриспруденция факультетин аяктаган.
- 2006-жылы “Изумруд Голд” ЖЧКсынын юристи, Биринчи май району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясында жетектөөчү адис;
- 2006-2007-жылдары - Талас облусунун прокуратурасынын Кара-Буура районунун прокуратурасында стажер-улук жардамчы, стажер-тергөөчү, тергөөчү;
- 2007-2008-жылдары - Талас облусунун прокуратурасынын кылмыш иштердин тергелишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
- 2008-2012-жылдары - Башкы прокуратурада Кадрлар башкармалыгынын прокурору, улук прокурору; тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору;
- 2012-2015-жылдары - президенттин аппаратында бөлүмдүн эксперти, башчысы;
- 2015-2016-жылдары - Башкы прокуратурада, тергөө башкармалыгынын башчысы;
- 2018-2023-жылдары - Башкы прокуратурада, тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары, бөлүмүнүн башчысы;
- Жарандарды кабыл алуу жана документтерди жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- 2023-2024-жылдары - Бишкек шаарынын прокуратурасында, тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2024-жылдын февраль айынан 2024-жылдын август айына чейин - президенттин администрациясында канцеляриянын башчысынын орун басары – иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы катары эмгектенип келген.
- 2024-жылдын 2-августунда – Башкы прокурордун орун басары – Аскер прокурору болуп дайындалды.