Жыргал Исмаилов башкы прокурордун орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Мирбек Расулов аркалап келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.