
Чүй облусунун Сокулук районунда изделип жаткан 15 жаштагы
Амина Поскребышова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм Бишкек шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Аминанын изделип жатканы
маалымдалган болчу.