Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы Амина Поскребышова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда милицияга Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган небереси саат 19:00дөр чамасында дүкөнгө чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенинин айткан.
Белгилери: бою 150-160 сантиметр, арык чырай, чачы узун кара түстө.
Кийген кийими: кызгылт түстөгү көйнөк, бутунда ак түстөгү слансы.
Милиция жогорудагы кызды көргөн-билгендер болсо 0313 45-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү), 0708-18-46-57 номерлерине кайрылууну суранат.