Япониянын премьер-министри жер титирөөдөн улам Казакстанга болгон иш сапарын токтотту

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида жер титирөө коркунучунан улам Казакстанга болгон иш сапарын токтотту. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, бүгүн, 9-августта премьер-министрдин Казакстанга иш сапары пландалган эле. Ал Астанада "Борбор Азия + Япония" саммитине катышмак.

Фумио Кисиданын өлкө башчы Садыр Жапаров менен да жолугары маалымдалган болчу.

Белгилей кетсек, 8-августта Японияда магнитудасы 7,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жергиликтүү ЖМКлар Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы коркунуч жаратып жатканын жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан