Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи өттү.