Израиль армиясы Хан Юнуска аскердик операция баштады

Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына аскердик операциясын баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аскердик операция чалгын кызматы бул аймакта согушкерлердин бар экендиги тууралуу маалымат алгандан кийин башталган.

"Аскерлер абада, кургактыкта күжүрмөн операцияларды жүргүзүп, курал-жарактар жайгашкан жана террорлор чогулган объектилерди жок кылууда", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыр 7-октябрда тутанган жаңжалдан бери Газа тилкесинде 39,6 миңден ашык адам каза тапканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан