Францияда Олимп оюндары башталгандан бери 174 кылмыш иши козголду

XXXIII Жайкы Олимпиада башталгандан бери Францияда келген конокторго жана спортчуларга байланыштуу 174 кылмыш иши козголду. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.

Буга чейин австралиялык хоккейчи Том Крейг Олимпиада маалында Париждин көчөлөрүнөн кокаин сатып алган деген шек менен кармалганы маалымдалган.

24-июлдан 8-августка чейин жалпысынан 181 иш каралган. Анын ичинен 174ү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жетөө токтотулган. Кылмыш иштердин 41ине эркинен ажыратуу өкүмү чыкса, 14үнө убактылуу камакта кармоо ордери берилген. Жалпысынан 72 адам соттолгон. Ошондой эле стадиондорго барууга 6 кишиге тыюу салынган. Кылмыштардын көбү атайылап зордук-зомбулук көрсөтүү, жол эрежесин бузуу жана дрондорду учуруу менен байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндары 11-августта аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан