Бразилиянын Виньеду шаарында 62 жүргүнчү менен бара жаткан ATR-72 үлгүсүндөгү учак жерге кулады. Ичинде бара жаткандардын бири да тирүү калган эмес. Кырсык туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, учак Каскавелден багыт алып, Гуарульюстун аэропортуна учуп бара жаткан. Анда 58 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон, кийинчерээк бир жүргүнчү учакка кечигип калгандыгы маалым болгон.
«Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматы, жарандык коргонуу жана полиция мүчөлөрү иштеп жатышат. Учурда авиакырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Экипаж мүчөлөрү окуя болгон учурда эч нерсе жөнүндө кабар берген эмес», - деп айтылат маалыматта.
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва трагедиядан кабардар болгондон кийин өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.