"Даңазалуу доордогу" Хюррем эсиңиздеби? Бүгүн 41ге чыккан Мерьем Узерлинин балалык кезинен азыркы күнгө чейинки сүрөттөрү

Бүгүн, 12-августта дүйнөгө "Даңазалуу доор" сериалы аркылуу таанылган немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли 41 жашка толду.

Актриса Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хуссейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли немис кызы болгон. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулган эмес. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон.

Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. "Даңазалуу доор" сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары болгон Хюрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген.

Актриса мындан тышкары "Ру", "Улей", "Королева ночи", "Другая сторона", "Материнская рана" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Мерьем 2014-жылы кыздуу болуп, ага Лара деген ысым ыйгарган. Кийин 2021-жылы Лили аттуу кыздуу болгон.

Актриса 2021-жылы 6-сентябрда Бишкек шаарына эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келген. Маалымат жыйындан кийин ал борбор калаадагы этно-ресторандардын биринде сыйлуу конок болгон.

12-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан