"Даңазалуу доор" түрк сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли маалымат жыйындан кийин борбор калаадагы этно-ресторандардын биринде сыйлуу конок болду. Таланттуу актрисанын кыргыз күйөрмандары аябай көп экенин интернетке жүктөлгөн сүрөттөрдөн, билдирүүлөрдөн баамдасак болот. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн баштап эл кызматында жүргөн адамдарга чейин түрк актрисасына сый-урматын жашырбаган сүрөт, видеолор менен бөлүшүшкөн. Төмөндө алардын кээ бирлерин топтодук.
Кыргыздын салт-санаасы, улуттук тамак-аштары менен тааныштыруу үчүн атайын кече уюштурулган.
Ырчы Гүлзада Рыскулова чыгармаларын аткарып, сыйлуу конокту кыргыз ырлары менен тааныштырды.
Анжелика болсо актрисага белек берип кубантты.
Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кызы айтылуу Хюррем султандын күйөрманы экенин жазып, чогуу тушкөн сүрөт менен бөлүшкөн.
Эл өкүлдөрүнөн Дастан Бекешев Мерьемдин талантына, сулуулугуна суктанарын жашырган эмес.
Мерьем залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине да барган. Анда Айтматовдун уулу Эльдар жазуучунун чыгармачылыгы, чыгармалары тууралуу айтып берди.
Ырчы Бактыгүл Бадыева дагы актриса менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап, аны мурдагыдан да жакшы көрүп калганын жазган. "Даңазалуу доор" сериалынын көркүн ушул айым ачкан. Сериалда Мерьемдин ордуна башка аял тартылганда кызыксыз болуп калган. Бүгүнкү жолугушуудан кийин мурдагыдан да жакшы көрүп калдым", - деп жазган Бадыева.
Эске салсак, белгилүү кино актриса Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келген.