Камчыбек Ташиевдин бажасынын абактагы мөөнөтү узартылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасынын камактагы мөөнөтү 11-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Билдиргендей, тиешелүү чечим 9-августта кабыл алынган.

Учурда ал атайын кызматтын тергөө абагында.

Эске салсак, Ташиевдин бажасы 17-июлда УКМК тарабынан ири алдамчылыкка шектелип кармалган жана 11-августка чейин каммакка алынган. Камчыбек Ташиев бул маалыматты өзү дагы тастыктап, бажасы түркиялык жаранды алдап кеткенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан