Сел каптаган "Рух Ордо" маданий борборун 200дөй адам тазалап жатат (фото)

Бүгүн, 14-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардагы "Рух Ордо" маданий борборун тазалоого 189 адам тартылды.
"Тазалоо иштерине 2 экскаватор тартылып, ӨКМдин 123 куткаруучусу иш алып барууда. Ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 38 адам, 2 экскаватор, 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 28 адам жана жеке менчик 3 Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылды", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, 12-август күнү нөшөрлүү жаандан улам Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, аталган маданий борборду суу каптаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан