Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага Орусияда операция жасалат

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага Орусияда операция жасалат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь айында операция жасалат.

"Ысык-Көлдө биринчи айым Айгүл Жапарова жана жергиликтүү, ошондой эле түркиялык, орусиялык дарыгерлердин катышуусунда консилиум болуп өттү. Анда сүйлөшүүлөр жүрүп, операцияны орусиялык дарыгерлер жасамай болду. Азырынча так күнү белгилене элек", - деди Ногойбаева.

Орусиялык дарыгерлер элчилик аркылуу Айгүл Жапаровага байланышка чыгып, Ногойбаеванын операциясын жасоо сунушун айтышкан.

"Пластикалык операция эң акыркы этап экен. Ага чейин дагы операция жасалат. Орусиялык дарыгерлер баштан-аяк өздөрүнүн көзөмөлүнө аларын айтышты", - дейт ал.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан