Кытайдын башкы дипломаты Ван И Кытайдын, Лаостун, Таиланддын жана Мьянманын тышкы иштер министрлеринин Чиангмайдагы (Таиланд) бейформал жолугушуусунда Мьянмадагы кырдаал боюнча Пекиндин позициясын билдирди. Бул туурплуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, ал жарандык согушка кабылган өлкөгө карата үч негизги принципти баса белгиледи.
"Мьянмадагы азыркы кырдаал тынчсызданууну жаратууда жана үч кызыл сызык бар, алар карманууга тийиш: Мьянма жарандык кагылышууларга дуушар болбошу, АСЕАН үй-бүлөсүнөн бөлүнбөшү жана сырткы күчтөр кийлигишүүсүнө жол берилбеши керек", - деди Ван И.
Ван И ошондой эле Мьянмадагы кырдаалды түшүнүүдөгү кошуна өлкөлөрдүн өзгөчө ролун белгиледи.
"Мьянмада туруктуулуктун жана өнүгүүнүн калыбына келишин коңшуларынан артык эч ким каалабайт", - деп ишендирди ал.
Жолугушуу Ван И менен Мьянманын аскердик хунтасынын башчысы генерал Мин Аун Хлайн менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин болуп, анда Кытай өлкөдөгү саясий элдешүү аракеттерин колдоорун билдирди.
Мьянмадагы кырдаал 2021-жылдын февраль айында аскерлер демократиялык жол менен шайланган өкмөттү кулаткандан бери курч бойдон калууда. Ошондон бери 2470тен ашык аба соккусу жасалып, 1300дөн ашуун адам набыт болду. БУУнун агенттиктеринин маалыматы боюнча, өлкөдө 2,8 миллиондон ашуун адам жер которгон жана 18 миллионго жакыны гуманитардык жардамга муктаж.
Негизинен буддисттер жашаган өлкөдө көптөн бери куугунтукталып келген рохинжа элинин абалы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. 2017-жылы 730 миңден ашуун рохинжа БУУ геноцид деп мүнөздөгөн аскерий аракеттерден кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2021-жылдан бери армия демократиялык жол менен шайланган өкмөттү кулатып бийликти басып алгандан кийин, өлкөдөгү кырдаал андан ары начарлады.
Акыркы окуяларга Бангладеш чек арасындагы рохинжаларга кол салуулар кирет, алар жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен. Аскердик хунтага каршы күрөшкөн көптөгөн куралдуу топтордун бири болгон Аракан армиясынын түндүк Ракхайн штатында олуттуу ийгиликтерге жетиши рохинжалардын аймактан массалык түрдө көчүшүнө алып келди. Рохинжалардын эң чоң шаары өрттөлгөнүн май айында да кабарланган, бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптаган.