Ысык-Көл облусунда катуу жамгырдын кесепетинен кээ бир жолдор жабылганы
маалымдалган. "Кыргызавтожол" ишканасы аталган аймакта убактылуу жабылган жолдордун тизмесин жарыялады. Алар:
- Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 16-чакырымына чейин суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол);
- Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дон-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43-чакырым бөлүгү;
- Тогуз-Булак айылына баруучу жол;
- Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам;
- Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда каттам жабылды.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70-чакырым аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58-чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда болгондуктан каттамга чектөө кирди.
"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат. Автоунаалардын жолдо жүрү санын азайтуу үчүн жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып жатат. Жети-Өгүз, Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал жарыяланды" деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө.