Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин Ленин районуна караштуу Новопавловка айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 06:13тө 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт саат 07:38де чектөөгө алынган. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес.