Ысык-Көлдө жабылган жолдор каттамга ачылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, бардык унаа жолдордо каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мекемесинен билдиришти.
Кабарга ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка-Көл-Кашка-Суу жана Корумду-Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Азыркы учурда №7, №33 Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан тазалоо иштери уланууда.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-августта аталган аймакта катуу жааган жаандын кесепетинен суу каптап, кээ бир жолдордо каттам чектелген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан