Уюшкан топко катышууга шектелип кармалган Эркин Мамбеталиев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-августта Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.
Билдиргендей, 10-августта Каракол шаардык соту УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн арызын толугу менен канааттандырган. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) менен айыпталып жаткан Мамбеталиев 5-октябрга чейин камакка алынган.
Эске салсак, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген.