5G Кыргызстанда: эмне үчүн байланыштын жаңы муунуна өтүү али эрте?

5G же мобилдик байланыштын бешинчи мууну – санариптик чөйрөнү маалыматты жогорку ылдамдыкта берүү, кечигүүнүн төмөндүгү жана көптөгөн түзмөктөрдүн туташуу мүмкүнчүлүктөрү менен трансформациялоого убада берет. Бирок, жагымдуу перспективаларга карабастан, Кыргызстан бул технологияны ишке ашырууга тоскоол болгон же жайлаткан көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда. Бул макалада Кыргызстан эмне үчүн 5Gге даяр эмес болушу мүмкүн жана аны ишке ашырууда кандай тоскоолдуктар бар экенине токтолобуз.

1. Жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөн инфраструктура

5Gны ийгиликтүү ишке ашыруу татаал жана кымбат инфраструктураны жайылтууну талап кылат. Кээ бир региондордогу 4G жана 3G тармактарында дагы эле туруктуулук жана ылдамдык боюнча көйгөйлөр бар, бул өнүккөн технологияга өтүүнү кыйындатат. Ошондой эле, 5G спецификациясы жогорку жыштыктарды колдонууну камтыгандыктан, тармак чектелген диапазонго ээ. Бак-дарактар ​​жана бийик имараттар толкундардын таралышына тоскоол болот, ошондуктан кеңири камтууга жетишүү үчүн көбүрөөк уюлдук байланыш мунаралары керек болот. Кубаттуулукту жогорулатуу жана сигналды жакшыртуу үчүн имараттарга жана көчө объекттерине билдиргичтер жана кошумча антенналарды орнотуу керек.

Дагы айта кете турган нерсе, уюлдук телефон мунараларынан коркуп, жабдуулардын орнотулушуна жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасай турган адамдар дагы эле бар. Бул көрүнүш радиофобия деп аталат. Натыйжада инженерлер жана техниктер агрессияга жана физикалык зордук-зомбулукка туш болушуп, ошондой эле телефон кабелдери кесилип, кымбат баалуу жабдуулар бузулушу мүмкүн.

2. Шаар менен региондордун ортосундагы ажырым

5G ири шаарларда жеткиликтүү болуп калса да, региондордун ортосундагы ажырым көйгөйү актуалдуу бойдон калышы мүмкүн. Кыргызстандын көптөгөн айыл аймактарынын заманбап байланыш кызматтарына жеткиликтүүлүгү дагы эле чектелүү жана мындай аймактарда 5G киргизүү жакынкы келечекте ишке ашпай калышы мүмкүн.

3. Баанын жеткиликтүүлүгү

5G тармагын ишке киргизүү олуттуу финансылык инвестицияларды талап кылат, б.а. айына орточо кирешени эске алганда, бир абонентке айына болжол менен 3,5 АКШ доллары өлчөмүндө инвестицияланган каражаттарды кайтаруу үчүн Кыргыз Республикасынын калкы үчүн байланыш жана интернет кызматтарына болгон бааларды олуттуу түрдө жогорулатууну талап кылат.

4. Потенциалдуу колдонуучулар

КР смартфондордун жалпы санынын 19% гана жөндөөлөрүндө 5G колдоосу бар. Заманбап түзүлүштөрү жок жөнөкөй колдонуучулардын көбү үчүн 5Gге өтүү жаңы смартфон сатып алуу зарылдыгын билдирет. Бул өзгөчө ресурстары чектелген аймактарда жашагандар үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. Көптөгөн адамдар технологияны тез-тез алмаштыра алышпайт жана бул жагдай калктын бай катмарлары гана жаңы технологияларды пайдалана алышына алып келиши мүмкүн.

Бул жагдай социалдык теңсиздикти күчөтүшү мүмкүн. Жаңы смартфондорду сатып алууга чамасы жетпегендер келечектеги технологиялардан четте калышат. Бул калктын ар кандай топторунун ортосунда кошумча ажырымды жаратат.

Анын үстүнө, көпчүлүк 5G ишке кириши менен социалдык тармактардан видео жана сүрөттөрдү жүктөө ылдамдыгы азыркыдан тезирээк болот деп ойлошот. Бирок, жөнөкөй колдонуучулар айырманы сезишпейт. Азыр керектелип жаткан контент заманбап 4G LTE технологиясы менен толук канааттандырылат.

Кыргызстандын катардагы колдонуучуларына 5G технологияларынын күнүмдүк турмушунда кереги жок, анткени аны колдоно турган чөйрөлөр жок. Бул этапта өндүрүштү автоматташтырган жана чоң көлөмдөгү маалыматтар (big-data) дароо жана минималдуу кечигүү менен берилиши керек болгон масштабдуу долбоорлорду ишке ашырган ири B2B кардарлары 5Gден чындап пайда ала алышат. Мисалы, пилотсуз унаалар, телемедицина, “Акылдуу шаар” долбоорлорун ишке ашырууда же смарт тармактарды (smart grids) башкарууда.

Бирок, LTE стандарты IoT (нерселердин интернети), M2M (машиналар аралык өз ара байланыш), eMBMS (LTE тармагы аркылуу телеберүү кызматтары), pLTE (LTE жеке тармактары) сыяктуу алдыңкы кызматтарды ишке киргизүүгө мүмкүндүк бергенине карабастан - бул кызматтардын бири да биринчи LTE түйүндөрүн ишке киргизгенден кийин 10 жыл өткөндөн кийин да бизнес тарабынан суроо-талапка ээ болгон эмес. Абоненттердин мындай жүрүм-турум үлгүлөрү трафикти керектөөнүн мындай үлгүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрү ашыкча болгон 5Gны ишке киргизүү менен болжолдонууда.

Борбордук Азияда азырынча 5G технологиясын киргизүү талап кылынган ири өнөр жай долбоорлору жок. Ал эми аны киргизүү адамдар азыр колдонуп жаткан 4G технологиясын активдүү өнүктүрүүнү токтотууга алып келет. 5G иштетүү технологиялык жетишкендиктерден гана эмес, чыныгы колдонуучулардын кандай муктаждыктары бар экендигин түшүнүүдөн башталат. Учурдагы этапта, 3G жана 4G тармактарын өркүндөтүү жана кеңейтүү байланыштын сапатын бир кыйла жакшыртып, көпчүлүк адамдардын, айрыкча алыскы жана анча бай эмес региондордун муктаждыктарын канааттандырат.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Шейшекан Төралиеванын айтымында, туристтер да жергиликтүү тургундардай эле интернетке туташууда кыйынчылыктарга туш болушат.

«Биздин аймак туристтер арасында популярдуу болгону менен, байланыш көп учурда иштебей калат. 3G жана 4G тармагы дайыма эле туруктуу боло бербейт, бул жергиликтүү тургундарга да, конокторго да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Көбүнчө интернет ылдамдыгынын жай болгонуна жана тез-тез өчүрүүлөргө туш болобуз, бул өзгөчө туристтердин агымы күчөгөн мезгилде байкалат.

Биз алардын көбү үчүн туруктуу байланыш алардын эс алуусунун маанилүү бөлүгү экенин түшүнөбүз жана бул алардын аймак жана өлкө жөнүндө жалпы оюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Уюлдук байланыштагы көйгөйлөр тезирээк чечилишин каалайт элем. Бул жерде туристтерге да, жергиликтүү тургундарга да ыңгайлуу болушу үчүн инфраструктура өнүктүрүлөт жана коммуникация технологияларын өркүндөтүлөт деп үмүттөнөбүз», - деди маектешибиз.

«Акыркы убакта 5Gны киргизүү тууралуу көп сөз болуп жатат, бирок биз үчүн, айыл жеринин тургундары үчүн адегенде 3G жана 4G түйүндөрү боюнча көйгөйлөрдү чечүү алда канча маанилүү.

Иш жүзүндө биздин аймактагы 3G жана 4G тармагын дагы жакшыртуу керек. Туруксуз байланыш жана төмөнкү ылдамдыктагы интернет дайыма көйгөй болуп саналат. Көбүнчө билдирүү жөнөтүү же жөнөкөй видео чалуу дагы кыйын болуп калат. Алыскы аймактарда жашаган биз үчүн жогорку сапаттагы байланыш жумуш жана күнүмдүк жашоо үчүн абдан маанилүү.

Жаңы технологияга өтүүдөн мурун, эски тармактар менен болгон көйгөйлөрдү чечүү маанилүү. 3G жана 4G камтуусун жакшыртуу жана кеңейтүү көп адамдар үчүн байланыштын базалык муктаждыктарын камсыз кылуу менен көбүрөөк пайда алып келет», - деп билдирди Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Бекзат Токтосунов.

Байланыштын бешинчи муунуна өтүү бардык эле колдонуучулар түзмөктөрүн тез арада жаңыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экендигин эске алышы керек. Ошондой эле, 5G киргизүү менен жөнөкөй керектөөчүлөр үчүн мобилдик байланышка болгон баалар кыйла жогорулай тургандыгын дагы бир жолу эскертип кетүү керек.

Байланыш операторлор ассоциациясынын» ОЮЛ Аткаруучу директору Салават Ормошев 5G технологиясы бул зымсыз тармакты өнүктүрүүнүн 4Gдан кийинки баскычы жана ал Кыргыз Республикасында сөзсүз керек, ал эми ал өлкөгө качан киргизилет деген башка маселе деп эсептейт.

«Баары рыноктун, б.а. байланыш кызматтарын керектөөчүлөрдүн даярдыгынан көз каранды. Керектөөчүлөргө келсек, 4G тармагынын мүмкүнчүлүктөрүнөн алардын муктаждыктары канчалык жогору экенин эске алуу маанилүү. Уюлдук операторлордун даярдыгы суроо-талапка жараша болот. Мындан тышкары, бул технологияны Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда турган бардык операторлор арасында бир эле учурда киргизүү маанилүү, анткени сергек атаандаштыктын болушу рынокто жаңы муундагы жогорку сапаттагы байланыш кызматына ээ болууга мүмкүндүк берет», - деп бөлүштү Салават Ормошев.

Жогоруда айтылгандардын баарын эске алып, MEGA жана Beeline уюлдук операторлору аукцион өткөрүү демилгесине каршы чыгышты.

MEGA мамлекеттик уюлдук оператору Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 5G технологиясын киргизүү боюнча пландалган аукционго тиешелүү суроо-талап түшкөнүн тастыктады. Компания заманбап байланыш технологияларын өнүктүрүүнү жактайт, бирок өз убагында болушу керек деп эсептейт. Азыр, 5G берген потенциалга карабастан, Кыргызстан аны ишке ашыруу жолунда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда. Өлкө бул көйгөйлөрдү чечмейинче, 5Gны ишке ашыруу перспектива бойдон калууда.

Ошондуктан, адегенде бардыгына туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн учурдагы инфраструктураны жакшыртып, андан кийин калктын реалдуу муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, жаңы технологияларды акырындык менен киргизүү маанилүү.

MEGA компаниясынын тармагы Кыргызстандын калктуу аймагынын 99% ашыгын камтыса да, ошол эле учурда 3G жана 4G стандарттарынын тармактарын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча туруктуу иштерди улантууда.

3G жана 4Gны өнүктүрүү жана жакшыртуу — бул көбүрөөк адамдарга пайда алып келе турган жана келечектеги технологиялар үчүн туруктуу негиз түзө турган кадам. Мындай технологияларды ишке киргизүү бардык кыргызстандыктардын пикирин анализдөөнүн негизинде жүргүзүлүшү керек. Ошондо гана калктын бардык катмарларынын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен инновацияларды натыйжалуу жана адилеттүү киргизүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан