Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Орусиянын Украина менен жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сунуштары күчүндө экенин билдирди. Бирок учурда Курск облусундагы кырдаалды эске алганда, Москва сүйлөшүүлөргө даяр эмес.
"Ушул тапта бул окуяны эске алып, биз сүйлөшпөйбүз", - деди Ушаков SHOT телеграм каналына берген маегинде.
Ал диалогдун келечеги кырдаалдын өнүгүшүнө көз каранды экендигин белгиледи.
14-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн украин аскерлери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондун бардык аймагынан чыгып кетиши керектигин, ошондой эле Киев НАТОго мүчө болуудан баш тартышы керектигин билдирген.
Путин ошондой эле Украинадагы орус тилдүү жарандардын укуктарынын “толук камсыздалышын” жана Батыштын Орусияга каршы бардык санкцияларынын алынышын талап кылган.
6-августта Курск облусунда согуштук аракеттер башталгандан кийин Путин Украина менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Буга чейин америкалык The Washington Post жана Wall Street Journal басылмалары Орусия менен Украинанын Дохада август айында пландалган жашыруун сүйлөшүүлөрү тууралуу жазып чыгышкан.