Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 5 жансакчысына соттун чечими чыкты.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, Көлбаевдин жан сакчылары – Б.А., Р.М., А.Р., К.Р. жана Ш.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынды.
Сот чечимди 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Эске салсак, Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМК тарабынан өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин аны менен байланышы бар адамдар массалык түрдө камакка алынган.