Путин Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров менен жолугушуудан баш тартты

Орусиянын президенти Владимир Путин Телеграм каналынын негиздөөчүсү Павел Дуров менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Путин менен Дуров бир эле учурда Баку шаарында болушкан. Орус лидери Азербайжанга 18-19-августта өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүү үчүн барган. Ал эми Дуров дагы ошол эле күндөрү иш сапары менен Бакуда болгон.

Иш сапарга бир нече күн калганда президенттик администрациянын өкүлдөрү Путинге Павел Дуров менен жолугушууну сунушташкан. Бирок орус президенти жолугушуудан баш тарткан. Баш тартуунун себептери жана жолугушуунун сунушталган темалары айтылган эмес.

Белгилей кетсек, орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-августта Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барган. Анда мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алып, бир катар өкмөттөр аралык документтерге кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан