УТРК директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасап, уулун үй камагына чыгарууну өтүндү.
Анда ал уулуна коюлуп жаткан айыптар менен макул эместигин айтты.
"Балам 20 күндөн бери камакта отурат. Өкмөттү колдогон бала болчу, эмне себептен кармалганын түшүнбөй турам. Уулум эч жакка качып кетпейт, өзүмдүн көзөмөлүмдө болот. Чиедей болгон эки кызы бар. Бизди бага турган ушул эле бала. Бишкекте батирде турабыз. Сиздерден уулумду үй камагына чыгарууга жардам берүүнү суранам", - деди ал кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен айып коюлган.
Адыл Акжол уулунун жактоочусу анын кармалышына ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу макала себеп болгонун ЖМКлардын бирине билдирген.