УТРК директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот 5-августта анын бөгөт чарасын карап, 4-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен айып коюлган.
Акжол уулу буга чейин "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында бир топ долборлор ишке ашкан. Ал жерде толук бир жарым жыл эмгектенип, өз арызынын негизинде кызматтан бошогон. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.
Ошондой эле ал түштүктөгү бир катар жергиликтүү телеканалдарда кабарчылык кызматты да аркалаган. Мындан сырткары, ютубер жана эркин журналист катары да белгилүү.