Кыргызстанда жергиликтүү мыйзамсыз сатууга гана эмес, легалсыз тамекилердин үлүшү өсүүдө. Контрабандалык каналдар аркылуу алар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө тарайт. Ал эми бул маселе аймактык масштабдагы жалпы көйгөйгө айланып баратат.
"Ош базарындагы" легалсыздык
Бишкектеги «Берекет Универсал» соода борбору. Салыкчылар жергиликтүү сооданын өзгөчөлүктөрүн жакшы билишет. Ведомство "Ош базарынын" аймагында мыйзамсыз тамеки буюмдарын сатуу боюнча жарандардын массалык даттануулары тууралуу айтып жатат. Ал эми бул маалыматтар рейддердин жүрүшүндө тастыкталууда. Ошентип акыркы бир жарым жылда ири дүң сатуучулардан акциздик маркасы жок 35 миң кутудан ашык тамеки алынган.
Баш калаанын рыногунда ар кандай маркадагы мыйзамсыз тамекилер дүңүнөн гана – кутучаларда же блоктордо сатылат. Баасы брендине жараша 1 блогу 300 сомдон 600 сомго чейин болот. Сатуучулар ишмердигин этияттык менен алып барышат: алар жеке байланыштарды бербейт жана ыңгайсыз суроолордон качышат. Контролдук сатып алуу учурунда «кара» кампалардын жайгашкан жерин аныктоо үчүн мыйзамсыз тамекинин 250 кутусун жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылганда, дүң сатуучулар талап кылынган көлөмдү берүүгө макул болушат. Бирок ошол эле учурда алар товарлар кайда сакталып жатканын ачыктоодон кескин баш тартышат – сатып алуу соода аймагынын сыртында гана ишке ашырылышы мүмкүн.
Белгилей кетүүчү нерсе, тез-тезден өтүп жаткан тегеректеп курчоолор жана рейддер мыйзамсыз тамеки сатуучуларды чочутпайт. Алар мыйзамсыз соода кылууну улантышууда, ал эми контрафакттык жана контрабандалык продукциянын жүгүртүүсү коркунучтуу өлчөмдөргө ээ болууда. Анткени ал ишкерлер керектөөчүлөрдүн ден соолугуна да жана өлкөнүн бюджетине зыян келтиришет. Бул маселе Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык катышуучуларына ар кандай даражада тиешелүү.
Кыргызстанга контрабандалык тамеки кантип келет жана бул жүк менен эмне болот?
Боз схемалар аракетте
Белгилүү NielsenIQ изилдөө агенттиги Кыргызстанда 2023-жылга карата тамекинин мыйзамсыз жүгүртүү көлөмүн изилдеп чыкты. Изилдөөчүлөр бош тамеки кутуларын чогултуп, санап, алардын өндүрүүчүсүн жана келип чыккан өлкөсү тууралуу маалыматтарды «аныкташкан». Алынган маалыматтардын негизинде изилдөөчүлөр мындай жыйынтыкка келишкен: 2022-жылдагы 7,5%га каршы мыйзамсыз тамеки буюмдарынын республикадагы үлүшү 17,7%ды түздү. Башкача айтканда, бир жылдын ичинде бул көрсөткүч 2,5 эседен ашык өскөн.
«Тилекке каршы, биз мыйзамсыз тамеки буюмдарынын өсүү тенденциясын байкап жатабыз, анткени Казакстанда жана Россияда көмүскө жүгүртүү көбөйүүдө. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстан коридор катары колдонулгандыктан чек арадан өтүүчү транзиттик товарлар күч алууда. Аткезчиликтин көлөмү чоң жана ал өсүүдө», - дейт Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева.
Контрабандалык жана контрафакттык продукциянын көйгөйү жана кысым көрсөтүүчү таасирин ачык кылуу менен алектенген эксперттер боз схемаларды ачыкка чыгарышат. Чоң көлөмдөр БАЭден импорттолот. Легалсыз товарлар Иран, Ооганстан жана Тажикстан аркылуу өтүп, ал жактан Кыргызстанга келип, Бишкектин "Ош базарына" жана «Дордойго» убактылуу жайгаштырылат.
Андан кийин эмне болот?
Дүң сатуучулардын айтымында, мыйзамсыз тамекилердин негизги бөлүгү Казакстанга «Карасу» же «Айша Биби» өткөрмө бекеттери аркылуу жөнөтүлөт. Бирок транзит учурунда контрабанданын аз гана бөлүгү коңшу республикага конуп калат. Бишкектен мыйзамсыз тамеки сатуунун акыркы базары Россия болуп саналат.
Миллиарддар кумга агып жатат
ЕАЭБге мүчө болгон беш өлкөнүн ичинен тамеки аткезчилигинен Казакстан менен Россия көбүрөөк жапа чегүүдө. Жоготуулар таасирдүү болуп саналат. 2023-жылдын маалыматы боюнча, коңшу республикада мыйзамсыз продукциялардын жүгүртүүсү 6,3%дан 9,5%га өскөн. Атап айтканда, тез өсүү Костанай, Актау, Атырау, Шымкент шаарларында, Астана, Көкшетау, Кызылорда шаарларында болсо өсүш орточо көлөмдө байкалууда.
Натыйжада, тамеки контрабандасынан улам өлкөнүн бюджети 32 миллиард теңгеден ашык салыктарды (69 млн долларга жакын) жоготкон.
Салык кирешесинин жоготуусу миллиарддаган рублду түзгөн Россияда да актуалдуу. Мамлекеттик Думанын Экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Артем Кирьянов «мындай импорттон федералдык бюджет жыл сайын орто эсеп менен 122 миллиард рубль жоготот, анын 70и ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз импорттун эсебинен» деп белгилейт.
Маселе түшүнүктүү. Чечим барбы?
Албетте, бар. Мыйзамсыз тамекилердин коркунучтуу өсүш темпи кескин чараларды көрүүгө түртүүдө. Мисалы, Россия Федерациясы өлкөдөгү азыркы мыйзамдарды өзгөртүү жолуна өттү. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта тамеки жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
«Мындай чараны ЕАЭБ өлкөлөрүндө тираждоосу контролдоо жана көзөмөлдөө процедураларын күчөтүү менен бирге эң кыска мөөнөттүн ичинде мыйзамсыз жүгүртүү үчүн өбөлгөлөрдү жок кыла алат», - деп ишенет депутат Кирьянов.
Жалпысынан эксперттер бир пикир менен макул болушат: экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн күч-аракетин бириктирүү аркылуу тамеки буюмдарынын көмүскө соодасына каршы күрөштө сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө болот. Буга ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү кызыкдар, аны менен бирге жергиликтүү деңгээлде кадамдарды жасоо керек.
«Контрабандалык ташуулардын негизги пункттарында жергиликтүү көзөмөлдү күчөтүү эффективдүү ыкма болмок. Ошондой эле тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып келүү жана жайылтуу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон ар кандай боштуктар жана жылчыктар бар экендигине мыйзамдарды талдоо зарыл», - деп белгилейт Гүлнара Ускенбаева.
Анан, албетте, бул маселеде эң негизгиси – аткезчилик агымын токтотууда мамлекеттик органдардын өздөрүнүн күчтүү умтулуусу жана каалоосу керек. Бул шарт болбосо боз тамеки трафигинин маселеси чечилбейт.