Илон Маск АКШдагы шайлоодон кийин жогорку кызматка барышы мүмкүн

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыкса, миллиардер Илон Маскка кеңешчилик же министрлер кабинетинин мүчөсү кызматын сунуштайт. Анын мындай билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Ал эми Tesla жана SpaceX'тин негиздөөчүсү Илон Маск X социалдык тармагындагы баракчасына "Кызмат кылууга даярмын" деген билдирүү калтырган.

Трамп маектердин биринде Маскты мактап, аны "абдан акылдуу жигит" деп атап, эгерде анын сунушун миллиардер кабыл алса кубанычта болорун кошумчалаган.

Өткөн аптада Маск X социалдык тармагында Трамп менен маек куруп, июлда болсо президенттик жарышта аны колдой турганын билдирген.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Дональд Трамп расмий түрдө Республикалык партиядан мамлекет башчылыгына көрсөтүлгөн. Учурдагы вице-президент Камала Харрис демократ катары шайлоого катышууну пландоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан