Бүгүн, 22-августта өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановго Чыңгыз Айтматов атындагы медаль ыйгарылды. Бул тууралуу "Ысык-Көл форуму” эл аралык коомдук бирикмесинин башкы катчысы Ассоль Молдокматова билдирди.
Ага ылайык, Ташкент шаарында өткөн эл аралык форумда Молдокматова мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон Акмал Хасановго медаль ыйгарып, чапан жана калпак кийгизди.
Ошондой эле Сабитжан Бабажанов тарткан сүрөттү жана Ысык-Көлгө эс алууга сертификат тапшырды.
Буга чейин Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун видеосу тараган.
Бул видеодон кийин көпчүлүк кыргызстандыктар өзбекстандык машыктыруучуга ыраазычылык билдиришкен.