Украина 50гө жакын дрон менен Орусиянын аскердик объектилерине чабуул жасаганын айтып чыкты

Украина учкучсуз аппараттары менен кечээ, 22-августка караган түнү Москванын жанындагы радиотехникалык чалгындоо борборуна жана “Остафьево” аэропортуна, ошондой эле Ростов облусундагы “Миллерово” авиабазасына чабуул жасаган. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов The War Zone басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 50гө жакын учкучсуз учуучу аппараттар Орусиянын аймагына коё берилген жана да кыйроолор боюнча маалымат топтолуп жаткандыгын кошумчалаган.

NASAнын маалыматы боюнча “Остафьево” аэропортунда да, “Миллерово” авиабазасында да өрт кырсыгы катталган эмес.

Айта кетсек, Орусия бийлиги өлкө аймагына чабуул жасаган 45 учкучсуз аппарат жок кылынганын билдирген. Бир күн мурун Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Подольск аймагынан 10 учукучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн айткан.

Орусиянын аскерлери колдонгон “Остафьево” аэропорту Подольск районуна жакын аймакта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан