Трамп ага кол салуу болгондон кийин биринчи жолу ачык асманда элге жолукту 

АКШда президенттикке талапкер Дональд Трамп ага кол салуу болгондон кийин биринчи жолу ачык асман алдында эл менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Fox News агенттиги жазды.

Ал кечээ, 21-августта Түндүк Каролинанын Эшборо шаарында ачык асманда эл менен жолугушкан. Бул ага кол салуу болгондон бери алгачкы ирет ачык асман алдында эл алдына чыгуусу. Буга чейин ал жабык имаратта үгүт иштерин өткөрүп келген.

Трамп сүйлөгөн трибунанын айланасына ок өтпөс айнек орнотулган. Түндүк Каролинада сүйлөгөн сөзүндө Трамп өзүнүн Демократиялык атаандашы, АКШнын вице-президенти Камала Харристи дагы бир жолу сындап, эгер ал ноябрдагы шайлоодо жеңишке жетсе, үчүнчү дүйнөлүк согуш иш жүзүндө сөзсүз боло тургандыгын баса белгиледи.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган.

Дональд Трампты өлтүрүүгө аракет кылган адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан