Кытай Ливандан жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырды

Ливандын борбору Бейрут

Кытай бийлиги Ливандагы жарандарын өлкөдөн "мүмкүн болушунча тезирээк" чыгып кетүүгө үндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

"Акыркы убакта Ливан менен Израилдин чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда, ал эми Ливандагы коопсуздук абалы оор", - деп айтылат Кытайдын Бейруттагы элчилигинин билдирүүсүндө.

Пекин Ливандагы жарандарын "коммерциялык каттамдар дагы эле иштеп жаткан учурда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кытайга кайтып келүүгө, же өлкөдөн мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө" чакырды.

Мунун алдында Ливанда ФАТХ кыймылынын куралдуу канатынын лидери Халил аль-Макда өлтүрүлгөн. Ал 21-августта Израилдин аба соккусунан каза болгон. Израиль "Хезболла" менен 10 айдан ашык чек ара кагылышуусунан бери биринчи жолу ФАТХтын жогорку даражалуу мүчөсүн бутага алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан