Сузак шайлоо округу боюнча арыздарды кабыл алуу аяктады

№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 22-августка карата 15 талапкер (12 эркек, 3 аял) арыз менен кайрылды.

БШК учурда алардын алтоону – Алтынбек Кылычбаевди, Жыргалбек Сейдахматовду, Медербек Сапарбаевди, Манас Максутовду, Бейшенбек Бегматовду, Мелисбек Кошалиевди талапкер катары каттады.

Аны менен катар 4 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартканы айтылды.

Мекеме эми арыз жазгандар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 25-август саат 18:00гө чейин талап кылынган документтерди БШКга бериши керектигин эскертти.

Белгилей кетсек, шайлоо 22-сентябрда өтөт.

№13 Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз каалоосу менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан