Адахан Мадумаровдун ордуна келген Аккулу Бердиев деген ким?

Бүгүн, 23-августта Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Аккулу Бердиев 1966-жылы 2-мартта Ош облусунун Алай районундагы Кашка-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.
2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2005-жылы "Хазрети Осмон" атындагы Ислам институтун аяктаган. 2008-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1987-жылы Алай районундагы чарбада айдоочу болуп баштаган. 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенген.
  • 1994-1996 — "Саякат" ЖЧКсынын директору;
  • 1996-2004 — "Кырчын" ЖЧКсынын директору;
  • 2004-2012 — "Север-Югойл" ЖЧКсынын менеджери;
  • 2012-2020 — "Север-Югойл" ЖЧКсынын директору;
  • 2020-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Аккулу Бердиев 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Ал 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ант берип кызматка киришип, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат болуп иштеген. 2021-жылкы парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарында катышкан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүнкү отурумунда бир добуштан кабыл алды.

Эми ал сентябрда Жогорку Кеңеште ант берген соң, расмий түрдө депутаттык кызматка киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан