Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн, 23-августтагы отурумунда бир добуштан кабыл алды.
58 жаштагы Аккулу Бердиев 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Ал 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ант берип кызматка киришип, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат болуп иштеген.
2021-жылкы парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын катарында катышкан.
БШК 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Мадумаров БШКнын чечимине каршы сотко кайрылып, бирок сот анын арызын канааттандырган эмес.