Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ошондой эле ишеним жоголгондугуна байланыштуу Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басарлык кызматын бошотуу чечими кабыл алынган. Берилген арызга ылайык, Улуттук банктын жетекчисинин дагы бир орун басары Кайып Куленбеков дагы ээлеген кызматынан бошотулду.
"Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген участокто көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл", - деп жазылат андагы билдирүүдө.